«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Калмат Молдокулов жиберген сунуш.
Кыргызстандагы коррупция төрөт үйлөрдөн башталып, көрүстөнгө жеткенче жети баштуу ажыдаардай болуп, такыр эле өлбөй, көмүлбөй турган абалга жетип, чегинен ашып баратат. Италиялык “Спрут” сериалындагыдай окуялар эми Кыргызстанда андан кем эмес схемалар менен уланып жатканына бажыдагы чуулгандуу окуянын шардана болушу мисал. Комиссар Каттанинин Кыргызстанда прототиби бар деп жүрүп, ал да жылуу колтуктун астына кирип кетти эле, же жыты жыттанбайт, же аракети байкалбайт. Италиядагы комиссарлардын, прокурорлордун ролун азыр Кыргызстанда журналисттер менен блогерлер аткара баштады.
Кыргызстан коррупциясы жок мамлекеттин катарына 5-10 жылда кошулушу азыркыдай система жашап турганда дегеле мүмкүн эмес. Анткени коррупциясы төмөн деп эсептелген өлкөлөр рыноктун шарттарында (капиталисттик коомдо) бери дегенде 50-100 жыл жашап өтүштү. Кыргыздар феодалдык мамилелер менен жашап жүрүп эле, капитализмди аттап өтүп, коммунизмди курабыз деп билек түрүнүп алган. Ал доордо коррупция эмне экенин аңдап-билбей эле башты салып иштей беришкен. “Ар ким – эмгегине жараша акы алат, ар ким жөндөмүнө жараша иштейт” деген эрежени туу тутушуп жүрсө, аны да орто жолдо эл эмес, “биз элитабыз” деген КПСС БКнын Саясий бюросу баш болуп, колхоз-совхоздордун партиялык комитеттеринин катчыларыбыз деген куу чирендер, башкармалар төш болуп ашмалтайын чыгарып ийишти.
Коммунизмдин бучкагына колубуз тийип-тие электе, кайра артка – капитализмдин кууруна кулап түштүк. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” заманы келди. Элитабыз деп эл башкарган коммунисттер завод-фабрикаларды мык-сыгы менен, короо-сарайларды, малды кык-пыгы менен, гранттарды тыйын-пыйыны, гумжардамдарды кийим-пийими менен кошо жутушту. Анан коммунисттер КДК, КСДП, социалисттер, жашылдар, оңчулдар, солчулдар деп отуруп, эл эки жүздөн ашуун партияга кошулганы кошулуп, кошулбаганы көчөдө калды.
“Капитализм” деген жаңы үйдү куруп бүтөлбай жатып, “социализм” деген эски үйүбүздүн тымтыракайын чыгарып, ачык асман астында феодализмдин эски ичигин айкарасынан жамынып жатып калдык. Бир нече кылымдык феодалдык мамилелерде калыптанган коомдук аң-сезим социалисттик аң-сезим менен жетимиш жылча жуурулушуп, мамыр-жумур болуп бараткан. Эми ага “акча, акча” деп арааны ачылган капиталисттик жашоонун мыйзамдары аралашып, акырындап атабызга сөөк саткан касапчыга айландык.
“Элим үчүн, мамлекетим үчүн канымды азык, каруумду казык кылам” деп Мустафа Кемал Ата Түрккө же азыркы Владимир Путинге окшоп үй-бүлөдөн кечип, башын баталгага койгондор арабыздан чыкпады. “Кара мышыкпы, ак мышыкпы - чычкан кармаса болду” деп ачкачылыктын сазына батып бараткан дүйнөдөгү эң ири коммунисттик өлкөсүн капиталисттик өлкөлөрдөн аша тургандай өнүгүү жолуна салган же Дэн Сяопиндей Бакай, Кошой сымал аксакал саясатчыларыбыз акыл кошушпады. Илим-билимдүү делген академик президентибиз да, өндүрүштү мыкты билет делген чарбачыл президентибиз да элин эмес, эки-үч баласы менен бир туугандарын, бирин-экин аялдарын башкаралбай, элинен качып кетүүгө мажбур болду.
Өткөөл мезгилде мамлекетибиз эң кыйын учурдан чыгып, алгачкы аял президент Роза Отунбаеванын этегине эрмешкен элиталар “мындан ары коррупциясы аз өнүгүү жолуна түшчү жолду тандап алалы” деп чечишип, жаңы Конституция кабыл алышканда, эми оңолобуз го деп тебетейди көккө ыргытканбыз.
“Оңду-солду кыргызды, Олоңбайыр кыз бузду” деп ойрот-жунгар доорундагы эки элдин ортосундагы убактылуу урушпоо бир кыздын айынан бузулганы белгилүү. Ушул сыңары, “Конституцияны 2020-жылга чейин бузбайлы, ага чейин Жогорку Кеңеш 3 жолу, президент 2 жолу шайланып келет, мамлекет башкаруудагы ийгилик-кемчиликтерибиз 10 жыл ичинде суунун сыртына калкып чыгат. Анан барып башкаруунун кайсы системасына өтүүнү ошондо чечели” деп касам ичип, нан кармашкандардын макулдашуусу 2020-жылга жетпей бузулду да калды. 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумда Конституция кайрадан бузулуп, жаңыча өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстанда абал өзгөрүп, мамлекеттик система, кадр тандоо жана аларды ишке жайгаштыруу оңду-солду боло баштады. Конституциялык коррупция иштеп баштады. Баш мыйзам балталангандан кийин, андан кичүү Кодекстерди, мыйзам, токтом, жоболорду кимдер гана бузган жок.
“Капитализмдин тубаса кемчилдиги – бакубатчылыкты бирдей бөлүштүрбөйт, социализмдин тубаса жетишкендиги – жакырчылыкты бирдей бөлүштүрөт” (У. Черчилль) деген башыбызга түштү, башыбыздан өтүп жатат.
Эмесе коррупцияны ооздуктоонун натыйжа берер эле деген менин түшүнүгүмдөгү айрым жол-жоболору жөнүндө сөз кылалы:
- Кыргызстан парламенттик башкарууга канчалык тез өтсө, ошончолук пайда.
(Президенттик башкаруу феодалдык психология али тазалана элек элдер үчүн эртелик кылып, бала-чакалары, аял, балдыздары, бир туугандары, бажа-кудалары мамлекет башкарууга аралашып кетип жатпайбы, кызы талактыкы десе?)
Парламенттик башкаруу президенттикке караганда алда канча натыйжалуу система. Конституциялык реформа жүргүзүп, президентти жалпы элге шайлатпай эле, Жогорку Кеңеш шайлай турган кылуу керек. Анын укуктарын өтө эле чектеп коюш керек. ЖЭБ, ГЭС, мектеп, жол курууга, таза суу чыгарууга аралашкан, министрлерди, сотторду дайындаган президент жети баштуу ажыдаар болбогондо эмне болмок эле? Таза болбоду дегенде, феодалдык коомдон бери келаткан адатка салып, май кармаган бармагын жалап ийиши мүмкүн.
- Шайлоо Кодексин да өзгөртүү зарыл.
Жогорку Кеңештин төмөнкү палатасына мыйзам жазууга мээси жеткен 30-35 депутатты, эл өкүлдөр палатасына 7 облус жана 2 шаардын өкүлдөрүн тизме ичиндеги талапкерлерди (преференциалдык) добуш берүү менен шайлоо керек.
Бизнеси барларды шайлоого катыштырбоо боюнча дүйнөдө колдонулуп жүргөн эреже киргизилсе, атаганат. Мыйзам жазам деген талапкерлер милдеттүү түрдө 2 же 3 баскычтуу электен (тестирлөө) өткөрүлсө. Демек депутаттыкка илим-билимдүү, акыл жана рух парасаты бийик (IQ = “ай-кью”) жарандар гана келет. Эл өкүлдөрү керек учурда гана чогулушуп, Элдик Курултай институтунун милдеттери жүктөлсө.
- “Кыргыз Эл Баатырынан” баштап, “Айылдык кеңештин ардактуу атуулу” дегенге чейинки бардык наам, сыйлыктарды, көчөлөргө, шаар, айыл-кыштактарга адам аттарын ыйгарууну, эстелик, бюст орнотууну токтотуу.
Жашообуз - капиталисттик, сыйлык, наам, медалдарды ыйгаруу – социалисттик ыкма. Кыргыз бекер оокат менен жалган атак-даңкка жантыгынан жата калат.Азыр ар бир сыйлыктын, көчөгө, мектеп, мекемеге адам атын ыйгаруунун тымызын бычылган баасы айылдан баштап Ак үйгө чейин белгилүү. Кээ бир жерлерде көзү тирүүлөр деле аттарын көчөлөргө койдуруп, эстелигин орнотуп башташты.
- Жетекчилердин бир кызмат орунда иштөө убактысын эки мөөнөттөн ашырбоо. Укук коргоо органдарынын жетекчилерин өздөрүнүн тарыхый мекени болгон район жана облусуна жөнөтпөө.
Ар бир жетекчи кыргыз ошол орун атасынан мураска калгансып, инсульт алганча отургусу келет. Укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрүнүн кичи мекендерине жетекчи кызматтарга барышпаса.
- Декларация толтурууга милдеттүү болгон ар бир кызматкерге ата-энесинин, бир туугандарынын, тага-жээндеринин, аялынын бир туугандарынын, бажаларынын, кудаларынын аты-жөндөрүн көрсөтүп жазуу милдеттендирилсе.
Социалисттик коомдо жакын туугандары деп ата-энеси, бир туугандары, өз үй-бүлө мүчөлөрү гана эсепке алынчу (6-7 киши). Феодалдык коомдун тууганчылык, жек-жаатчылыгы кандай экенин тойлордогу тостко чакырууда көрүп эле жүрөсүңөр. Азыр тууганчыл коррупция гүлдөдү. Бир кызматкер кайрымакка илинсе, анын отчетунда жазылган жакындарынын да декларациясын аңтарып, кайсы үйү же машинасы кимге жазылганы ачыкка чыгаар эле.
- Бардык жалпыга маалымдоо каражаттары жеке менчик болуусу керек.
Кыргызстандагы жемкорлуктун мынчалык тамырлап кеткенине журналисттердин бийликчил жана эркин деп эки лагерге бөлүнүп калганы да себепчи. Журналисттер экиге бөлүнбөгөндө, алар “Азаттыкка” окшоп өз ара жамаатташып, маалыматтар менен бөлүшүп, мамлекеттик, облустук, райондук, айыл өкмөт ичиндеги коррупциянын сары изине чөп салган материалдар (“Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” сыяктуу) байма-бай жарыяланып турмак. Коом 30 жылда азыркыга караганда алда канча тазаланып калмак. Эл окубаган райондук жана облустук гезиттерди эми жоюп, бул ишке кеч кирише башташты.
КТРК, ЭлТР баш болуп, “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” төш болуп өкмөттүк ЖМКлар 30 жыл ичинде эл ыраазы болгон бир да коррупциялык схеманын изин таба алышкан жок. Тескерисинче, кайчы, калыс пикир айткан оппозициянын колтугуна суу бүркүп, түрмөгө түрткөнгө кошулушту. Өкмөттүк гезиттерди эркин сатыкка койсо, макталып чыккан маараке ээлери же макаласы чыккан аткаминерден башка эч ким сатып албайт. Аларды мажбурлап пенсияга, жөлөк пулга кошуп берүү дагы деле токтой элек. Муну социалдык зордуктоо дебестен башка арга жок.
Кыргызстандагы коррупциянын ушунчалык чиеленишип кеткен тамырын ириде эл өзү, анан журналисттер, анан барып таза бийлик гана кырка алат.
Сингапурдун биринчи өкмөт башчысы Ли Куан Ю өлкөсүн 30-40 жыл ичинде дүйнө суктанган өлкөгө айлантып салды. Бөлүнүп чыкканда ал турмак ичүүчү суусу жок, аянты Бишкектен 4-5 эсе гана чоң бул өлкөнүн бир адамынын жылдык кирешеси 400 доллар болсо, бир-эки жыл мурда бул көрсөткүч 85 миң долларга жеткени айтылды. Демек өлкөнү коррупциядан алып чыгууда өзү таза жеке адамдын ролу чоң болот экен. “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген Исхак Раззаков Кыргызстанды дал ушул учурда башкарса го? Анын ушул бир эле сүйлөмү Дэн Сяопиндин ак, кара мышыгына окшоп, мамлекетибиздин идеологиясына айланып, өлкөбүз Сингапурдан же тоо сууларыбыздан көздөрү өтүп, таңдайлары такылдаган араб өлкөлөрүнөн кем эмес дүңгүрөмөк, атаганат?
“Ишти кыйышпас үч досуңузду түрмөгө отургузуудан баштаңыз. Эмнеге отурганын сиз билесиз, эмнеге отурганын алар да билишет” дептир Ли Куан Ю.
Кыргызстандын бешинчи президенти бир досун түрмөгө отургузду. Эми эки досу калды. Ошолорду отургузса эле оңолуп кетээр бекенбиз?! Ай, Кудай билет???
Калмат Молдокулов, Талас шаары, эмгек ардагери.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.