Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Ташиев: «Республика - Ата Журттун» көпчүлүк депутаттары сатылма


«Республика - Ата Журттун» мүчөлөрү.
«Республика - Ата Журттун» мүчөлөрү.

Саясий ишмер Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосунун «Эки-бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып «Республика - Ата Журт» партиясынын тагдыры жакын арада чечилерин айтты. Анын пикиринде, азыркы парламентке бул партиядан шайланган фракциянын депутаттары Ташиевди да, Бабановду да толук колдобойт.

- «Республика - Ата Журт» партиясынан шайланып келген депутаттардын көпчүлүгү сатылма позицияда. Себеби алар азыр Бабановду колдобой калышкан, көпчүлүгү мени да колдобой калган. Бири бийликти, бири башка партияны колдоп калды. Башка жактарга өтүп кетишкен.

Ташиев «Ата Журт» партиясы парламенттик шайлоого катышып, утуп чыгат деген ишенимде болуп жатканын кошумчалады.

«Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов менен «Ата Журттун» лидери Камчыбек Ташиев «Республика - Ата Журт» деген аталыш менен 2014-жылы парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлигинде өзүнчө партия каттатып, ал ушундай эле аталыштагы фракция болуп парламентке келген. Анда Бабанов менен Ташиев партиянын тең төрөгалары болгон. Бирок кийин жергиликтүү шайлоолор алдында тандем күчүн жоготкону жарыяланган. Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» деген аталыш менен иштеп жаткан фракцияда 28 депутат бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG