Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Чек арадагы коррупцияны айткан офицерге Аскер прокуратурасы баа берет


Талгат Аланов.
Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул тармактагы коррупция боюнча даттанган кызматкер Талгат Алановдун аракетине укуктук баа бериш үчүн анын айткандарын Аскер прокуратурасына жөнөтөрүн маалымдады.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Талгат Аланов өзү учурда кызматкер болгондуктан Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставын бузду. Устав боюнча Аланов алгач мекемедеги мыйзамсыз иштерди жетекчиликке же башка укук коргоо органдарына айтып кайрылышы керек болчу.

Мамлекеттик чек ара кызматы «Аланов айткан маалымат чындыкка дал келбейт, ал мурдагы тийиштүү органдар аныктаган фактыларды айтып чыкты» деп билдирди.

27-ноябрда Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек арага көзөмөл уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери Аланов журналисттерге атайын маек куруп, «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, «кызмат орундары акчага сатылат» деп билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын четке кагышты. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG