Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

"Азаттыктын" кабарчысы ишкер айымдарды колдоо боюнча сынактын жеңүүчүсү болду


Руслан Калматов.
Руслан Калматов.

"Курак" аялдар форуму" коомдук бирикмеси журналисттер арасында уюштурган "Ишкер айым" сынагында "Азаттыктын" кабарчысы Руслан Калматов "Эң мыкты видео материал" номинациясына татыды.

Ал сынакка Базар-Коргон районундагы тандыр жасаган жалгыз бой аялдын ишин чагылдырган баяны менен катышкан.

Аялдардын жеке бизнес баштоосу, жүргүзүүгө шыктандыруу, кесибине жана жашаган жерине, курагына карабастан бардык аялдар ишкердик менен алектене аларын көрсөтүп берүү максатында уюштурулган сынакка 60тай журналисттин эмгектери келип түшкөн.

Алардын ичинен орус жана кыргыз тилдериндеги эки видео материал жана маалымат сайтындагы эки макала мыкты деп тандалып алынды.

Сыйлыктар 20-ноябрь - Аялдар ишкердигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте өткөн эл аралык конференция учурунда тапшырылды.

Конференцияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-президент Роза Отунбаева, Өзбекстан, Казакстан, Тажистан мамлекеттеринен келген жана жергиликтүү ишкер айымдар катышты.

XS
SM
MD
LG