Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

«Азаттыктын» эки журналисти кинофестивалда сыйлык алды


Айдана Топчубаева.
Айдана Топчубаева.

Бишкекте «Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалы жыйынтыкталды. Анда «Азаттык+» жаштар берүүсүнүн алып баруучусу, жаш журналист Айдана Топчубаеванын «Аяна» аттуу тасмасы эң мыкты улуттук тасма деген наамды жеңип алды.

«Азаттыктын» дагы бир журналисти Санжар Эралиевдин «Дарт тооруган балалык» аттуу тасмасы жаш калыстардын мыкты деген баасына татыды.

Гран-прини франциялык режиссёрлор Клэр Бийе менен Оливье Жобардын «Таш жүрөк» тасмасы алды.

Эл аралык мыкты тасма деп «Ак эне» киносу табылды. Аны орусиялык жаш режиссёрлор Зося Родкевич менен Евгения Останина тарткан.

Кыска метраждуу тасмалардын арасынан Ибадулла Аджибаевдин «Мугалим» киносу жеңсе, «Муссон Шоу» аттуу тасманы жаш калыстар мыкты эл аралык тасма деп тапкан.

Бул жылы фестиваль «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өттү.

БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган фестивалга ондон ашуун өлкөдөн 20дай даректүү тасма катышты. Мындан сырткары балдардан укуктары боюнча талкуулар, семинарлар өттү.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму уюштурган фестиваль быйыл 13-жолу өттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG