Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

ТИМ: кыргызстандык үч студент Гонконгдон чыгып кетти


Гонконгдогу каршылык акцияларынын жаңы толкуну.
Гонконгдогу каршылык акцияларынын жаңы толкуну.

Саясий абал курчуган Гонконгдо билим алып жаткан 42 студенттин үчөө шаардан чыгып кетишти. Калгандары жакынкы күндөрдө ызы-чуулуу аймактан чыгып кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал жактагы кыргызстандыктар коопсуз жайга которулган. ТИМдин тапшырмасы менен Кытайдагы элчилик менен Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук ал жактагы мекендештерибизге керек болгон бардык жардамды берип жатат.

“Башкы консул учурда Гонконгго учуп кетти жана элчилик туристтик компаниялар менен билетти бөлүп төлөө маселесин макулдашты”, - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Ошол эле кезде башкы дипломатиялык мекеме студенттерди тополоңго аралашпоого, өтө зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого чакырган.

Буга чейин Гонконгдо окуган студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, балдарын Кыргызстанга алып келүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. (КЕ)

Эгерде ал жактагы студенттердин окуусуна, жагдайына байланыштуу зарыл маселе болсо ушул номерлерге кайрылса болот:

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги:

Тел.: +8610-64681348

Моб.: +8618611736340 (WhatsApp, WeChat)

+8613260203680

+8613581902801

Гуанчжоу шаарындагы консулдук:

Моб.:+8613925051627;

+8618666093015.

XS
SM
MD
LG