Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:24

Футбол: Жапония Кыргызстанды утту


Кыргызстан-Жапония. 14.11.2019
Кыргызстан-Жапония. 14.11.2019

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетти.

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок.

2-тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Жапониянын эсебине Генки Харагучи 2-голду жазды.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

Алдыда 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте ойношот.

Бүгүн Мьянма менен Тажикстан курама командалары Мьянмада беттешип, 4:3 эсебинде талаа ээлери алдыга чыгып алгачкы үч упайга ээ болушту.

Бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Үч упай эсебинде бар Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG