Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Машинеге жеңил тариф мөөнөтүн дагы узартуу аракети көрүлөт


Ош. Машине базар.
Ош. Машине базар.

Кыргызстан сырттан машине ташып кирүүнүн жеңил тарифи боюнча мөөнөттү дагы узартууга аракет кылат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, мындай өтүнүч менен кыргыз өкмөтү кийинки аптада, 19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Москвада өтө турган жыйынында кайрылганы жатат.

Кыргызстан үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат. Чечим бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен кабыл алынат.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы быйыл 31-декабрда транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам жаңы жылдан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG