Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Абылгазиев кыргыз-өзбек чек арасын тактоону тездетүүнү сунуш кылды


Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-өзбек чек арасын тактоо ишин ыкчамдатууну сунуш кылды. Бул тууралуу 1-ноябрда Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан учурда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Абылгазиев Ташкентке Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барды. Жыйындын алкагында өзбек мамлекет башчысы менен жолукту.

Эки өлкө тең СССРдин курамынан 1991-жылы бөлүнүп, эгемендик алган. Чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Бир топ жыл токтоп турган делимитация жана демаркация иштери Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан соң, 2017-жылы жанданган. 2018-жылдын соңунда анын 85 пайызы аныкталганы расмий айтылган.

Мирзиёев менен жолугушкан учурда Абылгазиев эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыш жакшы нукта баратканын белгилеп, Ош-Анжиян, Ош-Фергана, Кызыл-Кыя-Фергана автобус каттамдары жүрүп жатканын ийгиликтин бир көрүнүшү катары баалады. (SE)

XS
SM
MD
LG