Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Сабалган жетекчи кол салууну ишмердүүлүгүнө байланыштырды


Беткапчан белгисиз адамдар сабап кеткени кабарланган «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев кол салууну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Бул тууралуу BBC радиосундагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечедеги көмүр кендеринде видеокөзөмөл коюлуп, тартипке келтирүү иштери башталган. Кол салгандар ошол тартипке каршы болгондор болушу мүмкүн экенин айтты. Ал азыр ишке чыкканын жана саламаттыгы жакшы экенин кошумчалады.

Беткапчан белгисиз адамдар «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаевди сабап кетишкен. Окуя 1-ноябрга караган түнү Туңгуч кичирайонунда болгон. Ашырбаев спорт залдан чыгып келаткан. Бул фактыны Октябрь райондук милициясы иликтеп жатат. Азырынча милиция окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG