Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:21

ИМ террордук тобу аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады


Абу Бакр аль-Багдади.
Абу Бакр аль-Багдади.

«Ислам мамлекети» террордук тобу уюмдун мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады. Бул тууралуу жоочулар менен байланышы бар «Amaq» агенттиги билдирди.

26-октябрда «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюмунун анабашчысы Ал-Багдади атайын кызмат чабуул койгондо туңгуюктуу туннелден чыга албай калып, өзүн жанкечтинин куру менен жардырып жиберген. Аны менен кошо эки баласы да мүрт кеткен. Андан тышкары жанкечтинин курун тагынган төрт аял жана бир эркек киши да өздөрүн жардырган.

Абу Бакр аль-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери - халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» террордук тобу Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган.

XS
SM
MD
LG