Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Столтенберг Орусиядан Чыгыш Украинадагы аскерлерин чыгарууну талап кылды


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Киев, 31-октябрь, 2019-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Киев, 31-октябрь, 2019-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 31-октябрда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана НАТО-Украина жыйынына келген өкүлдөр менен жолукту.

Президенттик администрациядан кабарлашкандай, жолугушуу алгач тар чөйрөдө өтүп, андан кийин Зеленский менен Столтенберг Украина-НАТО жыйынына катышты. Анда Столтенберг НАТО Орусиянын Крымды аннексиялап алганын эч убакта тааныбай турганын билдирди.

Анын айтымында, Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы жаңжалды токтотууга багытталган макулдашууларды бардык тараптар аткарышы керек.

Столтенберг Орусиядан жикчилдерди колдоону токтотууну жана Чыгыш Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылды.

НАТОнун башчысы Зеленскийдин жаңжалды токтотуу аракеттерин кубаттай турганын, аскердик уюм Украинанын куралдуу күчтөрүн жана коргонуу мекемелеринин кубатын арттырууга жардам бере турганын да кошумчалады.

Украин президенти да өз кезегинде ННАТО менен Киевдин кызматташтыгы өлкөнүн коргонуу кубатын күчтөнтөт деген үмүтүн билдирди.

Киевге НАТО-Украина саммитине катышуу үчүн келген Йенс Столтенберг 31-октябрда Жогорку Радада сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG