Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык сотунун чечими жокко чыгарылды


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Жогорку соттун 30-октябрдагы токтому менен Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 9-июлундагы өкүмү жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-марттагы өкүмү күчүндө калтырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен эркиндикке коё берген. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган. (SE)

XS
SM
MD
LG