Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Илмияновдун конфискация боло турган мүлкүнүн тизмеси


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды.

Өкүмдү 30-октябрда ишти караган судья Дамирбек Назаров чыгарды. Икрамжан Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды. Өкүмгө ылайык сот бир гана Икрамжан Илмияновдун мүлкүн эмес, анын туугандарына таандык мүлктөрдү дагы конфискациялады.

Кайсы мүлкү конфискацияланат?

Икрамжан Илмияновдун атасы Сатар Илмияновдон:

  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын Шоро көчөсүндө жайгашкан №10 турак үй;
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын Сары-Жон көчөсүнүн 56/2 үй дарегинде жайгашкан жер аянты.
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагында жайгашкан сугат жер аянты;
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагында жайгашкан кайрак жер аянты;
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагында жайгашкан көп жылдык бак-дарактар;
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагынын Шоро көчөсүндө жайгашкан жер аянты, №8 үй.

Икрамжан Илмияновдун апасы, 1956-жылы туулган Урулкан Илмияновадан:

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагында жайгашкан көп жылдык бак-дарактар;

1977-жылы туулган Айсулуу Сатаровна Илмияновадан:

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагында жайгашкан көп жылдык бак-дарактар;

1986-жылы туулган Искендер Илмияновдон:

Исфана шаарынын Чыгыш көчөсү №96/2 дарегинде жайгашкан турак үй;

1981-жылы туулган Раимжан Илмияновдон:

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагында жайгашкан айыл чарба багытында колдонулган жер аянтын камакка алуу жокко чыгарылсын;

Икрамжан Илмияновдун төмөнкү мүлк объектилери камакка коюлду:

Бишкектин Ак-Өргөө конушунун Таш-Рабат көчөсү 1а дарегинде жайгашкан турак үйү;

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылынын аймагында жайгашкан көп жылдык бак-дарактар;

2007-жылы чыккан "Лексус 470" автоунаасы;

Сокулук районунун Студенческое айылынын Артезиан көчөсүндө катталган "Азияагроэкспорт" ЖЧКсына таандык мүлктөрү, кайсыл жерде турса жана кандай максатта колдонулуп жатканына карабастан;

Бишкектин Баба-Ата көчөсү №87 үй дарегинде катталган "Аброр" чайханасы;

Чүй облусунун Москва районунун Шопоков айылындагы Машина куруу көчөсү 1а дарегинде жайгашкан жер участогу;

Чүй облусунун Москва районунун Шопоков айылындагы Машина куруу көчөсү 26 дарегинде жайгашкан картон заводу;

1983-жылы туулган Айбарчын Илмияновадан:

Сокулук районунун Фрунзе айылында жайгашкан үч айдоо жер аянты;

1988-жылы туулган Зулкайнар Илмияновадан:

Сокулук районунун Фрунзе айылында жайгашкан айдоо жер аянты;

Бишкектеги "Ак-Өргөө" конушунда жайгашкан №83д дарегиндеги жер аянты;

Анаргүл Камалдиновна Шамурзаевадан:

Бишкектин Чүй проспекти, 245/1 дарегинде жайгашкан батири, ушул эле дарек боюнча катталган автоунаа токтотуучу жайы;

1971-жылы туулган Абдыкапар Абдылдыевич Шамурзаевден:

Сокулук районунун Студенческое айылынын Разное көчөсүндө катталган мал багууга ылайыкташкан комплекс, номери жок жер аянты;

1979-жылы туулган Абдыманап Ташимбекович Бекматовдон:

Сокулук районунун Студенческое айылынын Разное көчөсүндө катталган жылкы багууга ылайыкташкан комплекс, номери жок жер аянты;

XS
SM
MD
LG