Европа парламентинин өкүлдөрү Кашмирдин Индияга баш ийген бөлүгүн кыдырат жана Сринагар шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер жетекчилери менен жолугат. Бул Нью-Дели август айында аталган аймактын атайын макамын жокко чыгаргандан кийин барган алгачкы чет өлкөлүк делегация болуп калмакчы.
Буга чейин Индия Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысына, америкалык конгрессмендерге жана чет өлкөлүк журналисттерге Кашмирге келишине уруксат бербей койгон. Европа парламентинин делегациясы алардын сапары «расмий» деген макамга ээ эмес экенин айтып жатат.
Быйыл август айында Индиянын өкмөтү Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарган. Ушундан улам негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаттары мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калган. Пакистан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган жана жооп кайтара аларын билдирген.
Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө дал ушул Кашмирдин айынан тутанган.