Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

Сириялык күрддөр Түркия менен Орусиянын талабына көндү


Сириядагы орусиялык аскердик полиция
Сириядагы орусиялык аскердик полиция

Сириялык күрддөрдүн куралдуу топтору жана алардын өнөктөштөрүнөн турган Сириянын демократиялык күчтөрү Түркия менен чектешкен аймактан өз куралдуу кошуундарын чыгарып кетүүгө макул болду. Муну менен алар Түркиянын жана Орусиянын президенттери 22-октябрда макулдашкан келишимдин талабына көнүштү.

Демократиялык күчтөр тараткан билдирүүдө мындай кадамга барар алдында орус тарап менен “узакка созулган талкууларды” жүргүзгөнү айтылат. Бирок кайрылууда Сириянын ичиндеги аймактарда өз топторун жайгаштырарын белгилешкен. Ошондой куралдуу кошуундар Орусияны күрддөрдүн автономиясы менен Башар Асаддын өкмөтү ортосунда диалог баштоого көмөктөшүүгө чакырган.

Расмий Дамаск күрддөрдүн автономиясын тааныбай келет.

Ушул жумада Орусия менен Түркиянын президенттери Сочиде жолугуп, өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, 23-октябрдан тартып чек арадагы 32 чакырымды түзгөн тилкеге же буфердик аймакка орусиялык аскердик полиция жана Сирия өкмөтүнүн чек арачылары киргизилди. Күрд куралдуу кошуундары бул жерден 150 сааттын ичинде чыгып кетиши керек экендиги айтылган.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Расмий Анкара чек арасынан ары карай 32 чакырым аралыкта коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын айтып келген.

XS
SM
MD
LG