Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Кытай карызына катылган сыр


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-28-октябрь).

Массачусетстеги Кэмбриж экономикалык изилдөө улуттук борбору "Кытайдын чет өлкөгө карыз берүүсү" деген темада иликтөө чыгарды. Бул илимий ишти Мюнхен университетинен Себастьян Хорн жана Гарварддын Кеннеди мектебинен Кармен Рейнхарт менен Дүйнөлүк Киль экономика мектебинен Кристоф Требеш жүргүзүшкөн.

"Eurasinet" басылмасы бул илимий изилдөө тууралуу макала жарыялады. Анда: "Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр Кытайдан алды-артын карабай эле карыз алып жатат. Кытай берген карыздын дээрлик жарымы Бээжиндин шектүү бухгалтериясы аркылуу көмүскө ишке ашат. 2016-жылдан бери бул көмүскө карыздын суммасы 200 миллиард долларга жетти. Карыз акча боюнча Бээжиндин документтери ачык-айкын эмес. Насыяны Кытай бийлиги көзөмөлдөгөн банктар берет. Маселен, Кыргызстанга жол салуу үчүн Кытай өкмөтү карызды мамлекеттик "Эксимбанкынан" түз эле Кыргызстанга эмес, Кытайдын өзүнүн жол куруучу компанияларынын эсебине которот. 2015-жылдан бери эл аралык акча которуу боюнча Кытай ачык отчет берген эмес", - деп баяндалат.

Окумуштуулар Кытайдын өнүгүп келаткан 152 өлкөгө берген 1 974 карызы менен 2 947 насыясын кылдат иликтешкен. Кытай бийлиги Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банкка 2015-жылдан бери мамлекеттер ортосундагы акча которуунун BIS системасы боюнча берилген карыз менен насыянын 50% тууралуу гана маалымдаганын аныкташкан. Ушундан улам карыз алган тарап да Кытайдан кандай шартта, кантип каражат которулуп жатканын толук билбейт. Маалыматты жаап-жашыруу өтө опурталдуу.

Улуттук валютасынын куну түшкөн Борбор Азиянын эң жакыр Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрү карызды кайтарууда азап тартары шексиз. Карыз берген тарап үчүн бул кырдаал жакыр өлкөнүн эгемендигине каршы сайылган кызыл желек дегенди билдирет.

"Кытай ири суммадагы карызды Евразиядан пайда табыш үчүн эле таратып жаткан жок. Айрымдар "Бир алкак - бир жол" долбоорун Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Маршалл планына салыштырууда. 1970-жылдары эсеби чыкпаган карыздардан улам дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдүн эгемендигине доо кеткен. "Карыз көйгөйү" 1981-жылы да глобалдык деңгээлде курчуган. Азыр дүйнөдө "Үчүнчү карыз кризиси" келип чыкканы турат. Мунун артында Кытайдын "жашыруун" насыя таратуу саясаты бар", - дешет илимпоздор.

Алар Бээжинге карыз өлкөлөрдүн рейтингин чыгарып, Кыргызстан сап башындагы беш өлкөнүн ичинде экенин эскертишти. 20-орунда Тажикстан, 23-орунда Түркмөнстан, 40-орунда Өзбекстан турат. Анын ичинде Кыргызстандын Кытайга карызы бул өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 30% өтүп кеткени белгиленет. Эксперттер Кытайдын экономикасы начарласа, башаламан карыз берүү да азаярына үмүт артышууда.

Кыргызстандагы канжалаган иттер

Британиянын айрым гезиттери Бишкектеги иттерди коомчулук алдында согуштурган иш-чараларды сындаган макала жарыялап, аны сүрөт баян менен коштоду.

Кыргызстандагы иттерди согуштуруу
Кыргызстандагы иттерди согуштуруу

Белгилүү таблоид "The Sun" Кыргызстандын баш калаасында адамдын көңүлүн айланткан, жаныбарларды кыйнаган окуялар коомчулукка, айрыкча жаш балдарга көрсөтүлүп, даңазаланып жатканын сындады.

"Канжалаган иттер, аларды кармаштырган алабарман эркектер, маашыркана карап турган балдар. Мунун баары Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте болот. Мындай ит талаштарды жергиликтүү ит багуучулардын клубдары уюштуруп, "Азиядагы эң мыкты короочуну" аныктоо деген ураан алдында өтөт.

Кандуу ит уруштун финалына 23 чоң ит катышат. Айбанаттардын укугун коргогон эл аралык Пета уюмунун адистери бул иш-чараны спорттук оюн катары кароо туура эмес экенин белгилейт.

“Кармашка камданган иттерди адамдар кыйнап, чынжырга байлап, тамак бербей, агрессивдүү болгуча кармашат", - деп жазат гезит. Макалага Бишкектеги ит уруштан бир нече канжалаган алабай тукумундагы иттердин сүрөтү тиркелип, аны "Daily Mail" гезити да басып чыгарды.

Кылмыш жазасыз калган доор

"Newsweek" журналына Эл аралык куткаруучулар комитетинин өкүлү Кен Софердин "Сириядагы согуш аскерий кылмыш түшүнүгүн жок кылдыбы?" деген темадагы блогу жарыяланды.

Анда ал АКШ менен Түркиянын Сирияга жасалган акыркы чабуулдарын, Дональд Трамп, Режеп Тайып Эрдогандын эл аралык укук, аскерий нормаларга туура келбеген таризде жүргүзгөн аракеттерин сындаган.

Софер: "Сириянын түндүгүндөгү үрөй учурган сүрөттөрдөн улам Дэвид Миллибанд айткандай, "жазасыз доордо" жашап жатканыбызды аңдасак болот. Билеги күчтүү өлкөлөр эл аралык укук, нормалар, НАТОго мүчө өлкөлөр кол койгон аскерий тартип эрежелерин көзгө илбей, кылмыш артынан кылмышка барып жатканы талашсыз.

2011-жылы Сирияда өзүнө каршы чыккан элине ок жаадырган Башар Асаддын согушу уланып отуруп, азыр глобалдык күйгөн отко айланды. Асад өз мекендештерине химиялык курал менен кол салганда ошол кездеги АКШ президенти Барак Обаманын буга жол берүүсү кызыл чекти толук жок кылды. Орусия, АКШ, Түркия чабуулдарынан 583 медициналык жай талкаланды. Алардын арасында мен иштеген Эл аралык куткаруучулар комитетинин имараты да бар. 912 дарыгер курман болду.

2010-жылдан бери жараланган, өлтүрүлгөн, уурдалган куткаруучулардын саны мурдагыга салыштырмалуу 60% көбөйдү. Мунун баары аскерий кылмыштардын жазасыз калуусунан улам болууда".

Автор оор абалдан чыгуунун бир нече жолун сунуштады: "Жасаган кылмыштардын жазасыз калуусу 21-кылымда адаттагыдай эле көрүнүшкө айланганы өкүнүчтүү. Октун жардамы менен дүйнөнүн быты-чыты чыккан иретин калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Сириядагы зомбулукка кайдыгер мамиле жасоонун өзү кылмыш".

Океандагы желим ар бир адамды түйшөлтүшү керек

"The Washington Post" гезити 2050-жылдын этегине чейин океанга түшкөн желим балыктан да көп болорун жазат. Азыр желимдин азабынан деңиз ташбакалары кырылып, океанды айланып учкан канаттуулар да өлүп жатат.

Таштандыларды океандын жээгинен алыс алып барып төккөнү менен алар кайра эле толкун менен жээкке жетип, желимдин курамындагы микропластик балыктар, деңиз өсүмдүктөрү аркылуу адамдын азык-түлүгүнө түшөт.

Ушундан улам АКШ сенаторлору океанды тазалоочу мыйзамдарды кабыл алышууда. Ага ылайык АКШнын таштандыны кайра иштетүүчү тармагы толугу менен жаңыланат. Деңиздеги кырсыктардын алдын алуучу эрежелер кирет.

Бирок Кошмо Штаттары бул багытта алгылыктуу иш алып барганы менен, океанга таштандыны ири өлчөмдө Азия өлкөлөрү ыргытат. Сенаторлор мыйзамды эл аралык нормаларга киргизүүнүн жол-жобосун иштеп чыгууну пландап жатышат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG