Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Жунушалиев: Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүзгөм


Кашкар Жунушалиев. Кой-Таш. 2019-жылдын 8-августу.
Кашкар Жунушалиев. Кой-Таш. 2019-жылдын 8-августу.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кой-Таштагы окуяларда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүзгөн. Бул тууралуу ИИМдин башчысы «АКИpress» агенттигиндеги маегинде билдирди.

«Мен Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүздүм. «Калгың келсе кала бер» дедим. Каза болгондор жана жабыркагандар бар болгондуктан ал мен үчүн кылмышкер экенин айттым. Жанындагылар жабыркашын каалабасымды билдирдим. Ошондо ал мага «Кашкар байке, мен чыкпайм» деп жооп берди. Мен баары бир чабуулкоюларын айттым. Анан биз Атамбаев менен чыктык», - деп билдирди Жунушалиев.

Министрдин айтымында, Кой-Ташта саат 15:30дан 19:00гө чейин болуп, ал жактан Алмазбек Атамбаев менен чогуу чыккан.

«Ал эми сүйлөшүүлөр кандай өткөнү, «ошол учурда жанында Асанов болгонбу» деген суроого министр сүйлөшүү учурунда орун басарын көрбөгөнүн айтты», деп жазды АКИpress.

ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, жүздөн ашуун адам жараат алган.

8-августтагы операция тууралуу Атамбаев кармалар алдында аны менен Асанов сүйлөшүп жаткан видео тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG