Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова «декларациясында бизнесин жашырган» деген маалыматты четке какты. 24-октябрда «Экономист» басылмасы Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, депутат беш компанияга ээлик кыларын, декларация тапшырганда кирешесин көрсөтпөгөнүн жазган.
Мамашова «Азаттыкка» комментарий берип, ал компаниялар 2015-жылы депутат болгонго чейин ачылганын, парламентке келген соң ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп, жабылуу жараяны башталганын белгиледи:
- Эки компания жабылган. Үчөө жабылуу алдында турат. Себеби үч компанияны негиздөөчү шериктер - чет элдиктер. Ушундан улам жабуу кечеңдеп кетти. Компания ачуу оңой, бирок жабуу процесси өтө татаал.
Мамашова декларациясында бул компаниялар көрсөтүлгөнүн, бирок алардан пайда албагандыктан, түшкөн киреше жазылбаганын кошумчалады.
«Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга ылайык, парламентарий ишкерлик жүргүзүүгө, коммерциялык уюмдардын жетекчилик кызматтарын ээлегенге акысы жок. (SE)