Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Президент Жээнбеков жапон премьер-министри менен жолугушту


Президент Сооронбай Жээнбеков менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин жолугушуусу.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин жолугушуусу.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушту.

Президенттик аппарат кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кыргыз-жапон кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Синдзо Абэ президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон алгачкы жолугушуусуна жана анын Жапонияга иш сапары келгенине кубанычта экенин белгиледи. Ал жапон жергесинде жакында болуп өткөн тайфундун кесепетинен адам курмандыктарына байланыштуу колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан менен парламент аралык мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык өнүгүп жатканын белгиледи.

Синдзо Абэ көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинде жогорку сапаттуу технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну күчөтүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жапон элин Нарухито императорунун такка отурушу менен куттуктап, Кыргызстан Жапония менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Жээнбеков кичи жана орто ишкердикте чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкчылыгы бар экенин айтты.

- Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында жакын арада Жапонияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз, - деди Жээнбеков жолугушууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жапонияга 22-октябрда барды. Сапарынын биринчи күнүндө ал башка мамлекеттердин лидерлеринин катарында аталган өлкөнүн императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG