Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

«Азаттыктын» кабарчысынын тасмасы эл аралык фестивалда 1-орун алды


Айдана Топчубаева.
Айдана Топчубаева.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы, «Азаттык плюс» телеберүүсүнүн алып баруучусу Айдана Топчубаеванын «Аяна» аттуу фильми IV Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында 1-орунду ээледи.

«9 өлкө, 9 шаар, бир фестиваль» урааны менен өткөн фестивалга бир канча мамлекеттен 150дөн ашык тасма катышты. Фильмдер профессионалдар жана студенттер категориясында тандалды.

Жеңүүчүлөр 5-октябрда Стамбулда аныкталып, «TRT-Avaz» каналында жарыяланган. Топчубаевага сыйлык 21-октябрда Бишкекте Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде тапшырылды.

«Аяна» - улакчы болууну кыялданган кичинекей кыздын күнүмдүк турмушу чагылдырылган фильм. Айдана аны дипломдук иш катары филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын көркөм жетекчилиги менен тарткан.

Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалын Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы 2016-жылдан бери жыл сайын өткөрөт.

Айдана Топчубаева Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенти. «Азаттыкта» 2018-жылдын май айынан бери иштейт.

Фестивалдын биринчи айлампасында кыргызстандык Стамбулбек Мамбеталиевдин «Көч» фильми профессионалдар категориясында 1-орунду алган. Экинчи ирет өткөрүлгөндө студенттердин арасында Касиет Кубанычбек кызынын «Оймок» фильми 1-орунга татыктуу деп табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG