Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

Жергиликтүү бийлик электр энергиясын колдонуу лимитин көзөмөлдөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары өз аймактарында электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алышат. Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндөгү токтомуна ылайык, аларга ушундай милдеттенме жүктөлдү. Документке премьер-министр 14-октябрда кол койгон.

Бирок токтомдогу «лимит» деген сөзгө түшүндүрмө жазылбагандыктан, коомчулук арасында «кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүн» деген түкшүмөл ойлор пайда болду.

Өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкулов «Азаттыкка» комментарий берип, жарык өчүрүлбөй турганын айтты.

- Мисалы, Нарынбы, Таласпы, Ошппу же Бишкек шаарыбы, былтыр күз-кыш мезгилинде колдонгон электр энергиясы лимит деп аталат. Былтыркы колдонулган электр энергиясын эсептеп, ошону быйылкыга лимит деп чектеп коёбуз. Жарык өчүрүлбөйт, - деди Чолпонкулов.

XS
SM
MD
LG