Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Меркел менен Путин Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу сүйлөштү


Архивдик сүрөт. Ангела Меркел, Владимир Путин, Пётр Порошенко, Франсуа Олланд – Париж, 2-октябрь, 2015-жыл.
Архивдик сүрөт. Ангела Меркел, Владимир Путин, Пётр Порошенко, Франсуа Олланд – Париж, 2-октябрь, 2015-жыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу телефондон сүйлөштү. Бул жөнүндө Германиянын маалымат агенттиги (DPA) кабарлады.

Кабарларга караганда, эки өлкөнүн лидерлери алдыда болчу «Норманд төрттүгү» саммити тууралуу баарлашкан. Азырынча самит качан өтөөрү белгисиз.

Меркел жана Путин андан тышкары Сирия менен Ливиядагы абал, Украина аркылуу газ өткөрүүнүн келечеги тууралуу сүйлөшүштү.

Донбасстагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн 2014-жылы Орусиянын, Украинанын, Франциянын жана Германиянын лидерлеринин алгачкы сүйлөшүүлөрү Нормандияда өткөн. Ушундан улам сүйлөшүүлөрдүн мындай форматы «Норманд төрттүгү» деп аталып калган.

2014-жылы апрелде Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер мамлекеттик мекемелерди, күч органдарынын имараттарын күч менен басып алып, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик жумурияттары» («ДНР жана ЛНР») деп жарыялашкан.

Ушул айдын башында Киев, Москва жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанымал документ тууралуу макулдашкан. Анда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда шайлоо өткөрүп, аларга өзгөчө макам берүү талабына көнгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG