Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Жаңы-Өзөндүк активист беш жылга кесилди


Жаңы-Өзөндүк активист Ержан Елшибаев.
Жаңы-Өзөндүк активист Ержан Елшибаев.

Жаңы-Өзөн шаардык соту 17-октябрда жумушсуздар кыймылынын активисти Ержен Елшибаевди беш жылга эркинен ажыратты. Сот аны 2017-жылкы тополоңдо кимдир бирөөнүн ден соолугуна олуттуу залал келтирген деген жүйө менен айыптуу деп тапты. Елшибаев өзү жана анын тарапташтары бул айыптоолорду четке кагып, айыптоодо саясий мүдөө бар экенин айтып жатышат. Ал быйыл март айынын соңунда кармалган.

Өкүмгө нааразылык билдирген Елшибаевдин ондогон тарапкерлерин полиция аз убакытка кармап кетип, кайра коё бергени маалым болду. Бирок Мангыстау облустук полиция департаменти эч ким кармалган жок деп билдирди.

31 жаштагы Елшибаев февраль жана март айларында өткөн демонстрациялардын башында турган. Ал Маңгыстау облусундагы жумушсуздук маселесин көтөрүп чыккан. Активист буга чейин да полициянын басымына кабылганын билдирген. Август айында укук коргоочулар Ержан Елшибаевди саясий туткундардын тизмесине кошушкан.

XS
SM
MD
LG