Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Бишкектеги мушташ боюнча пакистандык эки студент №1 тергөө абагына киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги медициналык жогорку окуу жайында пакистандык студенттер катышкан мушташка байланыштуу аталган өлкөнүн эки жараны №1 тергөө абагына эки айга камалды.

Чет өлкөлүк студенттерге карата «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Кармалган эки студент 19 жашта. Буга чейин милиция тараткан маалымат боюнча, 14-октябрда Пакистандан келген эки студент мушташа кеткен. Бул окуядан кийин Пакистандын 30 жараны милицияга жеткирилип, суракка алынган соң кайра коё берилген.

Мушташтан кийин эл аралык медициналык окуу жайынын өкүлү Октябрь райондук милициясына жогорудагы окуяда университеттин мүлкү талкаланганын айтып, мушташка катышкандарга чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган. (TSh)

XS
SM
MD
LG