Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Британия менен Евробиримдик Брекзит боюнча мунасага келишти


Жан-Клод Юнкердин твити. 17-октябрь, 2019-жыл.
Жан-Клод Юнкердин твити. 17-октябрь, 2019-жыл.

Британия менен Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Брекзит боюнча келишимге жетишти. Британ премьер-министри Борис Жонсон «жаңы келишим» түзүлгөнүн «Твиттерге» жазды. Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер Британиянын шаркеттен кандай шартта чыгары жазылган макулдашуу түзүлгөнүн ырастап, Европа кеңешин аны колдоого чакырды.

Азырынча келишимдин мазмуну толук белгилүү боло элек. Бул документ күчүнө кириши үчүн аны Британиянын жана Евробиримдиктин парламенттери жактырышы керек.

2016-жылы британ шайлоочулары Евробиримдиктен чыгууну колдошкон. Лондон менен Брюсселдин ортосундагы буга чейинки Брекзит келишимин быйыл британ парламенти бир нече ирет четке каккан.

17-октябрда Евробиримдикке кирген 27 мамлекеттин лидерлери Брюсселдеги күзгү саммитинде келишимдин күңгөй-тескейин талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG