Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Карамушкина: Атамбаевди жабык соттоп жатсаңар демек аныкы туура


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сотун жабык өткөрүү боюнча чечимди анын ак экендигин жашыруу аракети катары баалады.

17-октябрда парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге кайрылып ал Атамбаевдин соту боюнча суроолорду койду:

- Эмне үчүн экс-президенттин соту жабык өтүшү керек? Эмне үчүн соңку өткөрүлгөн беттештирүү купуя бойдон калууда. Эгер соттун баары мыйзамды сактоо менен өтүп жатканын көрсөткүңөр келсе сот эмне үчүн жабык болушу керек? Демек, тилекке каршы, бүгүнкү күндө бийликтики эмес, экс-президенттики туура.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн качырылышына байланыштуу кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адам соттолууда. 16-октябрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов бул сот жараянын жабык өткөрүүнү чечти.

Дыйканбаев Карамушкинанын суроосуна жыйын учурунда жооп берген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG