Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Футбол: Гүлжигит Алыкулов Монголиянын дарбазасына гол киргизди


Гүлжигит Алыкулов.
Гүлжигит Алыкулов.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасы менен ойноп жатат. Учурда эсеп 1:0 болду. Алгачкы топту атаандашына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов киргизди.

Кыргызстан менен Монголия курама командаларынын беттеши Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп жатат.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен утуп, үч упайга ээ болду.

Учурда F тайпасындагы эки оюнда алты упай топтогон Жапониянын курама командасы жадыбалдын сап башына чыкты. Эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы экинчи орунда. Үч упай менен Кыргызстан үчүнчү орунда. Монголия төртүнчү, Мьянма бешинчи орунда турат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

XS
SM
MD
LG