Сыйлык ээлеринин аты-жөнүн 10-октябрда Стокгольмдо Швециянын Падышалык академиясынын туруктуу катчысы Матс Мальм жарыялады. Ал Ольга Токарчук сыйлыкка «энциклопедиялык ышкы менен чек арадан өтүүнү жашоонун формасы катары элестеткен айтуучунун ой чабыты үчүн» татыганын айтса, Питер Хандкеге сыйлык «лингивистикалык ойлоп табуу менен адамзаттын өзгөчөлүгүн иликтей алган таасирдүү эмгеги үчүн» берилгенин билдирди.
Нобел сыйлыгын жеңген бешинчи польшалык жазуучу
Токарчук Польшага жер которгон украиналыктардын үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Варшава университетинин психологиялык факультетин аяктаган. Учурда ал Вроцлав шаарында жашайт. Анын «Китептер - кишилердин жолу» деген биринчи романы 1993-жылы жарык көргөн. Ал эми эксперттер Токарчуктун эң белгилүү эмгеги катары «Жөө күлүктөр» романын аташууда. Токарчуктун сценарийи менен 2017-жылы польшалык режиссёр Агнешка Холланд «Жаныбардын изи» деген фильм жана телесериал тарткан. Анда Польша-Чехия чек арасында жайгашкан кыштактагы жашоо чагылдырылат. Токарчук адабият боюнча бир нече абройлуу сыйлыктарга татыган. Анын ичинен Букер сыйлыгын алган биринчи польшалык жазуучу болгон.
«Жашылдар партиясынын» жана солчул журналдын редколлегия мүчөсү Токарчукту саясий оппоненттери анча жактырышпайт. Ново-Руда шаарынын мекенчилдер коому ал Польшаны уят кылып жатканын белгилеп, жарандыктан ажыратууну талап кылышкан.
Польшанын президенти Андрей Дуда «Токарчукка Нобел сыйлыгынын ыйгарылышы - Польша адабияты үчүн маанилүү күн» деп «Твиттердеги» баракчасына жазды.
Токарчук - Нобел сыйлыгына татыган бешинчи польшалык жазуучу.
1960-жылдары белгилүү болгон Петер Хандке
Адабият боюнча Нобел сыйлыгына татыган Петер Хандкенин пьесалары 60-жылдары немис тилдүү театрларда дүңгүрөп турган. Кийинчерек Хандке романдарды жаза баштаган. Анын сценарийлери менен режиссёр Вимо Вендерс үч кинотасма тарткан. Алардын бири, «Берлиндин асманы: кыял канаты» деген фильмде жазуучу чакан ролго да ээ болгон. Хандке тууралуу Швед академиясынын мүчөсү Андерс Олссон буларды айтты:
- Ал ондогон жылдар бою азыркы көркөм адабияттагы таасирдүү жазуучулардын бири болгон. Аны 1966-жылдары эле «Хорнет» деген романы жана «Аудиторияны мазактоо» пьесасы чыкканда эле талкуулашчу.
Токарчуктай болуп, 76 жаштагы жазуучу солчул көз караштагыларга ыктайт. Ал Югославиядагы согуш маалында Слободан Милошевичти колдогону менен белгилүү. Бул кадамы үчүн аны австриялык жана германиялык басыламалар айыптап чыгышкан. Хандкеге чейин бул сыйлыкка анын бир гана жердеши, жазуучу Эльфрида Елинек ээ болгон.
Букмекерлердин «Адабият боюнча Нобелди алат» деген болжолдуу тизмесинде Токарчук да, Хандке да жок болчу. Алар канадалык Энн Карсонду, орусиялык Людмила Улицкаяны, франциялык Мариз Кондени жана кытайлык Жан Сюэни жана жапониялык Харуки Муракамини атап жатышкан. Былтыр Швециянын Падышалык академиясынын мүчөлөрүнүн биринин жолдошу төшөк чуусуна кабылганы үчүн адабият боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылбай калган. Ызы-чуудан улам жеңүүчүнү аныктоо комиссиясынын бир нече мүчөсү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.