Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Депутат Икрамов ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге алды (видео)


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге алды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, депутат 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында (В дивизиону) 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Биринчи айлампада Икрамов венгриялык Золтан Шоллени, андан кийин финляндиялык Раймо Лехтону утуп алган. Жарым финалда ирандык спортчу Азад Алимозаммадпурудан жеңилип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште түркиялык Орхан Тикачты жеңди.

Final 3-5 • Орхан Тикач (Түркия) - Тазабек Икрамов (Кыргызстан) 0:4

Икрамов грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына 2018-жылы да катышып, 78 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн. Депутат анда коло байге үчүн таймашта орусиялык Павел Куриленкого жеңилип калган.

Тазабек Икрамов 1996-жылы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик институтту аяктап, дене тарбия мугалими адистигин алган. 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Билим берүүнүн мыктысы.

8-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында башталган грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 13-октябрга чейин уланат. (BTo)

XS
SM
MD
LG