Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Ааламды изилдеген окумуштуулар Нобел алды


Окумуштуулар Жеймс Пиблз, Мишел Майор жана Дидие Кело.
Окумуштуулар Жеймс Пиблз, Мишел Майор жана Дидие Кело.

Физика боюнча Нобел сыйлыгы быйыл астрономиядагы илимий ачылыштары үчүн үч окумуштууга ыйгарылды.

Жеймс Пиблз, Мишел Майор жана Дидие Келоздун эмгектерин Швециянын падышалык академиясы астрономия үчүн “революциялык” ачылыш деп атады.

Нобел сыйлыгынын физика боюнча 2019-жылкы лауреаттарынын ысымын, салтка айлангандай эле, комитеттин баш катчысы Горан Хансон жарыялады:

- Швециянын падышалык академиясы физика боюнча 2019-жылкы Нобел сыйлыгы физикалык космологиядагы теоретикалык ачылыштары үчүн Жеймс Пиблзге жана күнгө түспөлдөш жылдыздын айланасында тегеренген экзопланетаны ачканы үчүн Мишел Майор менен Дидие Келого ыйгарылат.

Сыйлыктын лауреттарына 900 миң евро берилет. Мунун жарымы Принстон университетинин профессору, канадалык жана америкалык окумуштуу Жеймс Пиблзге берилсе, калган жарымын Мишел Майор менен Дидие Кело бөлүп алат.

Нобел сыйлыгынын быйылкы лауреттары ааламды биз элестеткенден да таң калыштуу сүрөттөй алышкан”, - деп билдирди Физика боюнча Нобел комитетинин мүчөсү Ульф Даниэльссон.

Физика боюнча Нобель комитетинин мүчөсү Ульф Даниэльссон сыйлыкты жарыялар алдында. 8-октябрь, 2019-жыл. Стокгольм.
Физика боюнча Нобель комитетинин мүчөсү Ульф Даниэльссон сыйлыкты жарыялар алдында. 8-октябрь, 2019-жыл. Стокгольм.

Пиблз Аалам 15 миллиард жыл мурда кантип жаралганын, Чоң жарылуудан кийин биринчи галактикалар кантип пайда болгонун түшүндүрүп бере алган. Ал буга 20 жыл убактысын сарптаган. Стокгольмдогу маалымат жыйынында Пиблз бул ачылыштарда көптөгөн окумуштуулардын зор салымы бар экенин белгиледи. Окумуштуу бул сыйлык ага күтүүсүз эместигин кошумчалап, илимге ага кызыккан жаштарды гана барууга үндөдү.

Ал эми швейцариялык астрофизиктер Мишел Майор менен Дидие Келоз 1995-жылы 51 Пегаса b экзопланетасын ачышкан. Андан бери төрт миңден ашуун экзопланета аныкталды. 53 жаштагы Келоз бул сүйүнүчтүү кабарды илимий жолугушуу маалында уккан:

- Мен бүгүн эртең менен такыр күткөн эмесмин, анткени илимий жолугушуулар менен алек болуп жүргөм. Анын үстүнө дагы бир долбоорумду алдыга жылдыруу менен убара болуп жаттым эле. Мага Кембриж университетинен чалышканда ошол долбоор боюнча айтат го деп ойлодум. Анан мага Нобел сыйлыгын алганымды айтышканда, нес болуп калдым. Анткени такыр күткөн эмес элем.

Экзоплантелар жана “кара тешиктер” темалары бул сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн арасынан эң татыктуусу болорун эксперттер боолголоп жатышкан.

2019-жылкы сыйлыктын лауреаттарын аныктоо дүйшөмбүдө Стокгольмдо башталды. Салт боюнча адегенде физиология же медицина тармагындагы жеңүүчүлөр жарыяланды. Бул ирет академия үч окумуштуу - америкалык Уильям Кэлин жана Грегг Сименца, ошондой эле британиялык Сэр Питер Рэтклифтин эмгегин жогору баалады. Алар адамдын клеткасы кычкылтектин тартыштыгына кантип ыңгайлашарын изилдеп чыгышкан.

Окумуштуулар Уильям Кэлин, Грегг Сименца, Сэр Питер Рэтклиф. 7-октябрь, 2019-жыл.
Окумуштуулар Уильям Кэлин, Грегг Сименца, Сэр Питер Рэтклиф. 7-октябрь, 2019-жыл.

Онколог Кэлин Жон Хопкинс университетинде, Семенца Гарвардда, Рэтлкифф Оксфорддо эмгектенет. Алардын ачылыштары онкологиялык ооруларды дарылоо ыкмаларын жакшыртуу үчүн пайдаланылат.

9-октябрда химия боюнча лауреттар жарыяланат. Андан соң адабият боюнча былтыркы жана быйылкы жеңүүчүлөр белгилүү болмокчу. Ал эми 11-октябрда Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси аныкталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG