Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени айтылууда


Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, камакта отурган Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергени айтылууда.

24.kg сайты Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевге шилтеме жасап, Кылычов тергөө менен кызматташууга кол коюп бергенин жазды.

Жоошевдин аталган сайтка берген маалыматына караганда, ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. Ошондой эле ал Атамбаев бийликти басып алып, төңкөрүш кылууну каалаганын айткан.

Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» тергөөнүн жүрүшүндө Кылычов менен беттештирилгенин айтты:

- Ал тергөө менен кызматташканын мен так айта албайм. Акыркы жолу Алга Кылычов менен беттештиришкенде анын моралдык абалы оор экенин көргөм. Өзү ооруп жүрөт. Биз күч органдары мүмкүн ага кысым көрсөтүп, өздөрүнө керектүү, ойдон чыгарылган көрсөтмөлөрдү алып жатат деп ойлойбуз.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кылычовдун иши тергелип бүтүп тиешелүү органдарга өткөрүп берилгенин, бул боюнча эч кандай комментарий бере албай турганын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын, анын ичинде Алга Кылычовдун бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтырууну чечкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG