Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Иран: Кытай 5 млрд. доллардык келишимди аткарган жок


"Түштүк Парс 11" кениндеги газ иштетүүчү завод. Иран.
"Түштүк Парс 11" кениндеги газ иштетүүчү завод. Иран.

Ирандын энергетика министри Бижан Зангане Кытайдын улуттук мунай компаниясы (CNPC) Перс булуңундагы "Түштүк Парс 11" деп аталган газ кенин иштетүү боюнча 5 млрд. доллардык келишимди аткарбаганын билдирди. Министрдин айтуусунда, эми кенди жергиликтүү "Petropars" компаниясы иштетет. Бул ишкананын бардык акциялары Ирандын улуттук мунай компаниясынын алдында түзүлгөн "Naftiran Intertrade" (NICO) компаниясына таандык.

Кытайдын улуттук мунай компаниясы (CNPC) дүйнөдөгү эң ири "Түштүк Парс 11" газ кенинин көлөмдүү инвестору. Бул долбоорду 1 млрд. доллар менен ишке ашырууну көздөгөн франциялык "Total" компаниясы былтыр август айында андан баш тарткан. Буга АКШнын Иранга экономикалык санкцияларды катаалдатуусу негиз берген. Долбоордогу анын ордун Кытайдын CNPC компаниясы ээлегени ноябрдын аягында белгилүү болгон. Бирок кытайлык компания кенде иш баштаган эмес.

Иран газ кенин Катар менен бөлүшөт. "Түштүк Парс 11" газ кени аймактагы мунай кени менен катарлаш жайгашкан.

XS
SM
MD
LG