Акжолтой Түркиянын Газиантеп шаарына быйыл 12-августта келген. Бишкекте Ош базарындагы радио түйүндөрдөн «Түркияга кары кишилерди бакканы жумушчу жөнөтөбүз» деген жарыя аркылуу иш таап берчү ортомчулар менен келишим түзүп келген. Бирок ал келишими жөн эле жасалма экенин Түркияга келгенде гана билген. Акжолтой бир үйдө эки оорулуу адамды кароого мажбур болгон. Анткени анын Түркияга чейин учак билетин дал ошол иш таап берген ортомчулар сатып беришкен. Акжолтой өзү сыяктуу Кыргызстандан келген мигрант келин менен күнүмдүк кылган оор жумушун мындайча түшүндүрүп берди:
- Жумушка кирген үйдүн кожойкеси артыбыздан түшүп текшерип турчу. Эртеден кечке жаныбыз тынбайт. Жумушубуз оор болсо да, 500 доллар болсо да чыдап иштейли дедик. Биз караган оорулуу адамдар түнү да кароого муктаж болчу, анткени түнү заара кылып койсо аны көтөрүп, тургузуп, алмаштырып, жуунтуп кайра жаткызышыбыз керек болчу. Дарысын, тамагын, үйдүн жумушун толугу менен бизге таңуулашкан эле.
Акжолтой жанындагы Диана менен бир айлык иштеп тапкан акысын алган эмес. Анткени иш берүүчү алардын айлыгын аларды чакыртып, билетин алып берген ортомчу аялга бергенин айткан. Оор жумушка психологиялык жактан туруштук бере албаган эки мигрант келин аларды алып келген мекендеши Чолпон аттуу ортомчу аялдан колдоо көргөн эмес. Диана иштегенине эки айдай болуп калганда үй ээсинин ур-токмогуна кабылып, кыйналганынан качып чыгышканын айтып берди:
Биз бул үйгө жумушка келген күнү эле паспортубузду үй ээси алып койгон
- Бир күнү үй ээси түрк аял келип: «Оорукчан апама эмне кылдың?» деп ура баштады. Болбосо мен тамчылатмасы бүткөндө алып, четке коюп койгом. Мени эле урушуп тим болот экен десем, Акжолтой эжени жууп жаткан кол аарчысы менен чаап жибериптир. Эже ыйлап эле калды. Ошондо «биз кетебиз» деп катуу айтып, паспортубузду сурай баштадык. Анткени биз бул үйгө жумушка келген күнү эле паспортубузду үй ээси алып койгон. Ошону менен каалгага жатып ыйлап, суранып, жалдырап жатып паспортубузду алдык да, үйдөн качып чыктык.
Эки келин иштеген айлык акысын албай качып, Газиантеп шаарынан Анталия шаарына келген. Ал жерден Анталия шаардык полиция кызматкерлерине үй ээсинин жана ортомчу Чолпондун үстүнөн арыз жазышкан. Акжолтой жана Диана ошондой эле Анкарадагы элчиликке арыз менен кайрылып жардам сурашкан. Элчиликтин кызматкерлери бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын маалымдашты.
Анталия шаарында түптөлгөн «Айымдар коомунун» жетекчиси Периза Асаналиева жыл өткөн сайын Кыргызстандан Түркияга иш издеп келип, өз мекендештерине алданып ортодо калган мигранттар көбөйүп жатканын баса белгиледи:
- Түрк тилин, мыйзамдарын, менталитетин билбей Түркияга иштегени келгендин кажети жок го деп ойлойм. Өзгөчө басым жасачу нерсе - кыз-келиндер жакын тууган, тааныш аркылуу, кандай ишке кирерин билип, анан келишсе дейм. Анткени күн сайын болбогон «фирма» деген алдамчы ортомчулардын торуна түшүп кор болгон мигрант аялдар көбөйүп баратат. Баарыбыз жыргаган жашоодон келгенибиз жок, бирок ошол тууган-туушкандар эле алдап кеткен учурлар чыгып жатат.
Кыргызстандык Айзада Жээнбекова Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында беш жылдан бери мигрант кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылган жеке фирманы жетектейт. Ал фирмасы аркылуу жүздөгөн мигранттарга үй иштерин таап берген. Бирок Айзада тажрыйбасында мигранттар ортомчу фирмаларды күнөөлөп, милдеттерин так аткарбаган кыргызстандыктарды да кездештиргенин жашырган жок:
- Фирмаларды эле күнөөлөй берген болбойт. Менин фирмам аркылуу келип так, тыкан иштеп жаткандар көп. Анткени биздин фирма мыйзамдуу келишим менен ишке жиберет. Бирок менин тажрыйбамда үй ээси жокто машинесин айдап сүзүп салган, баласын карап отуруп ичкилик ичкен, көп туура эмес иштерди кылган кыз-келиндерди да көрдүк. Албетте, алардын келишимин дароо токтотобуз. Айтарым - Түркияга келе жатканда Бишкекте лицензиясы болгон, мыйзамдуу фирмалар аркылуу эмгек визасын ачтырып келишсин демекчимин.
Түркиянын эмгек мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк мигранттарды иш менен камсыз кылуучу жеке фирмалар Түркиянын Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигине караштуу ИШКУР (İŞKUR) департаментине катталууга тийиш. Бул департаментке каттоодо фирманын бюджети каралат, ошондой эле фирма ар бир иш таап берген мигрантка эмгек визасын ачууга милдеттүү.
Бирок учурда Түркиядагы 500 миң чет өлкөлүк мигранттын расмий эмгек визасы менен иштегени өтө аз. Көбү мыйзамсыз, ортомчу фирмалар аркылуу иштейт. Миграция боюнча серепчи Мурат Эршахин Түркияда ортомчулардын айынан запкы тарткан мигранттардын катары калыңда баратканын айтты:
- Түркиянын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк же жергиликтүү жарандар иш издесе ИШКУРга (İŞKUR) катталган фирмалар аркылуу жумуш издесе ишенимдүү болот. Анткени бул департаментке катталган фирмалар министрлик тарабынан текшерилип турат. Бул фирмалар мигранттардан эмес, иш берген үй ээсинен комиссия алышат. Бирок чет өлкөлүк мигранттардын 98 пайызы мыйзамсыз, «телефондон» иш таап берген кишилер аркылуу ишке кирет. Бул кишилер таап берген ар бир жумуштан комиссия алып иш кылышат. Мигранттан акчасын алган соң анын коопсуздугу, ден соолугу, визасы менен башын оорутпайт. Айрым учурларда мигрант кыз-келиндер кылмышкерлерге туш келип, андан ары адам сатуунун курмандыгына айлангандарды да көрүп жатабыз. Бул мүшкүл Түркияда көп жылдан бери чечилбей келет. Бирок жоопко тартылгандар өтө аз.
Түркияда учурда расмий бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жашайт. Алардын 86 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Ал эми 2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Бирок Түркияда мыйзамсыз иштеген кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө.