Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнүн стенограммасы жарыяланды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Юстиция министрлиги беш барактан турган стенограмманын сүрөт нускасын Ак үйдүн сайтына жарыялады. Анда АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский 25-июлда телефондон сүйлөшкөн.

Андагы жазууларга ылайык, Трамп сүйлөшүүдө Зеленскийди мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөгө чакырган.

Трамп Жо Байден уулу иштеген «Бурисма» компаниясына байланыштуу иликтөөнү токтотуп салганын эскерткен. АКШ президенти украин мамлекет башчысынан башкы прокурор менен кошо бул ишти иликтеп чыгууну өтүнгөн. Зеленский Киев ишти иликтөөгө аларын айткан.

Коопсуздук кызматкери бул сүйлөшүү тууралуу маалымат бергенден кийин АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрдү.

АКШнын мурдагы вице-президентинин уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. «Бурисмага» карата кылмыш иши козголгону менен эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес. Жо Байден ал кезде АКШнын Украинадагы иштерин да көзөмөлдөп турган. Ал украин башкы прокурорун кызматтан кетирүүдө таасири болгон деген маалыматты четке каккан.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн деп сөз болгон адамдардын бири. Трампка карата расмий иликтөө баштала турган болсо, бул АКШнын тарыхындагы импичментке кабылган үчүнчү президент болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG