Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Абылгазиев: ЕАЭБ дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойнойт


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдиги - дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойногон мамлекеттер аралык өзгөчө орган экенин айтты. Ал бул тууралуу «Евразия жумалыгы» IV форумдун ачылышында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы форумда андан тышкары биримдиктин алкагында Кыргызстандын ишкерлери кабылып жаткан кыйынчылыктарды атады:

- Жакшы жактары менен катар эле, баарыңар иш жүзүндө билген ЕАЭБдин маселелерине токтолгум келет. Биз бул маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бул ЕАЭБдин ички соода-сатыгындагы тоскоолдуктар. 2016-жылдан ушул күнгө чейин тоскоолдуктардын саны 279дан 18ге чейин азайганына карабастан, тоскоолдуктардын деңгээли дагы эле товарларды эркин жүгүртүүгө жана тейлөөгө терс таасир тийгизип жатат.

Ошондой эле жыйында кыргыз өкмөт башчысы ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн тышкары Кытайдын, Түркиянын, Индиянын жана башка мамлекеттердин инвесторлорун Кыргызстанга каражатын жумшоого чакырды.

Абылгазиев Кыргызстандын туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, 2023-жылга ички дүң өнүмдөгү (ИДӨ) туризмдин көрсөткүчүн 7 пайызга чейин көтөрүп, 600 млн. долларды түзө турган деңгээлге жетүү пландалып жатканын белгиледи. (BTo)

XS
SM
MD
LG