Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Оштогу атышууда белгилүү спортчу октон жабыркады (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-сентябрь күнү кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. «Азаттыктын» өздүк булактарынын билдиргенине караганда, атышта Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин «Азаттыкка» ырастаганы боюнча, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен.

Аны өзү менен кошо машыгып жүргөн Кылыч Саркарбаев атканы айтылууда. Саркарбаев - эрежесиз мушташтын чебери, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Кылыч Саркарбаев учурда Ош шаардык спорт комитетин башкарып жаткан. Учурда ал окуя болгон жерден качып кеткени айтылууда. Өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Милиция расмий маалымат тарата элек.

Ошто эрежесиз уруштун чеберлери атышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00


Баштапкы кабарларга караганда, окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренесинин негизинде катталды. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Оштогу EREM спорт клубу Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Раимбек Матраимовго таандык экени айтылып жүрөт. (YI)

XS
SM
MD
LG