Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:38

«Коопсуз шаар - 2» долбоорун кытайлык компания ишке ашырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, экинчи орунду орусиялык БИС компаниясы алган. Тендерге катышкан дагы бир орусиялык «Вега» ишканасынын сунушу Мамлекеттик салык кызматына жана Социалдык фондго карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат тапшырбаганына байланыштуу четке кагылган.

Аты аталган үч компания «Коопсуз шаар - 2» долбоорун ишке ашырыш үчүн төмөнкүдөй суммаларды сунуш кылышкан.

1. «Вега» – 4 802 338 446 сом.

2. «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» – 2 654 558 940 сом

3. БИС – 5 067 794 340 сом.

УКМК, ИИМ, Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнөн, Бишкектин мэриясы менен башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссия «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» ишканасын жеңүүчү деп тапкан.

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. (BTo)

XS
SM
MD
LG