Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Тажикстан тактала элек төрт жерде курулуш жүргүзүп жатканы белгилүү болду


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов билдирди. Анын айтымында, тажик тарап 14-сентябрда курулуш иштерин баштаган Максат айылы менен чектеш жердеги объектиси жана Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогунан сырткары Ворух анклавында чек арада тактала элек аймакта Кык жана Чурган Баба деген аймакта да чек ара аскерлерине тиешелүү курулуш иштерин жүргүздүрүп жатат.

Бул тактала элек чек ара аймактарында курулуштарды жүргүзбөө боюнча 2014-жылкы эки тараптуу макулдашууга каршы келери жана курулуштар мыйзамсыз жүрүп жатканын эскертип тажик тарапка расмий билдирүү берилген. Бирок Тажикстан тарап курулушту токтоткон эмес жана кайрылууларга да жооп бере элек.

14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG