Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:51

Балбан Атабек Азизбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды


Атабек Азизбеков.
Атабек Азизбеков.

Кыргызстандык балбан Атабек Азизбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Азизбеков беттештерин 1​5-сентябрда баштап, грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Алгач ал латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде венгриялык Виктор Лоринчеге жеңилди. Венгр балбаны финалга чыкканына байланыштуу Азизбековго коло байге үчүн күрөшкө жол ача турган көңүл жубатуучу таймаштарга чыгууга жол ачылды.

16-сентябрда уланган көңүл жубатуучу беттеште ал алгач түркмөнстандык Шихазберди Овелековду 6:0, кийин кытайлык Жуинже Наны 6:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эми алдыда 3-орун үчүн өзбекстандык Рустам Ассакалов менен күч сынашат.

Финалдык беттештер 19:00дө башталат. Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-сентябрда башталган. Бул мелдеште грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алтыдан олимпиадалык салмакта алдыңкы беш орунду ээлегендерге Олимп оюндарына жолдомо берилет.

XS
SM
MD
LG