Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

АКШ Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды салды


АКШнын Финансы министрлиги түндүк кореялык хакерлер тобуна каршы санкциялар киргизилгенин жарыялады.

Сөз "Lazarus Group", "Bluenoroff" жана "Andariel" топтору жөнүндө болууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул хакерлер тобу Пхеньяндын ракеталык курал колдонуу кызыкчылыгына кызмат кылышат.

Санкцияга илингендердин арасынан "Lazarus Group" тобу Пхеньянда 2007-жылы түптөлгөн. Бир канча жолу Батыштын өкмөттүк, аскердик жана каржылык мекемелерине киберчабуул койгон. Жалпы жонунан дүйнөнүн бери дегенде 150 өлкөсүн, ири компанияларды бутага алган.

АКШнын финансы мекемесинин жогорку мартабалуу аткаминери Сигал Манделкер Вашингтон Түндүк Кореяга каршы санкцияларды чыңдап, БУУнун дагы Пхеньянга каршы санкциялары күчөтүү ишине катышарын билдирди.

XS
SM
MD
LG