Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

УКМК: «Илмиянов уктаганы үйүнө жөнөтүлүп жатат» деген жалган


Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт.
Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президенттин кеңешчиси болгон, азыр камакта отурган Икрамжан Илмиянов «атайын кызматтын тергөө абагынан түнкүсүн өзүнүн үйүнө коё берилип жатат» деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» берген комментарийинде сот тандаган бөгөт чарасынын негизинде Илмиянов убактылуу кармоочу жайда гана кармалып жатканын, эч жакка чыгарылбаганын билдирди. Ал бул боюнча мурдагы депутат жалган маалымат таратып жатканын, бул ага аброй алып келбей турганын кошумчалады.

Мунун алдында парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова «Твиттердеги» баракчасында ушундай маанидеги пикир калтырган. Депутат Дастан Бекешевдин «Бүгүн Жогорку Кеңештин «ар түркүн» жыйыны, сиз кандай суроо бермексиз?» деген твитине Айтматова: «Урматтуу депутат, «Икрам Илмияновдун кайсы марттыгы үчүн же кайсы маалыматты бергени үчүн ага үйүндө түнөгөнгө уруксат берилип жатат?» деген суроону бериңиз» деп жооп берген.

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Анын соту утуру жылып келе жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG