Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Экс-мэрлердин абактагы мөөнөтү узартылды


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантты. Анда судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучулардын бөгөт чарасын кароо зарыл экенин белгиледи. Прокурорлор абак мөөнөтүн узартууну суранса, адвокаттар бошотуу жөнүндө өтүнүч киргизишти. Сот эки тараптын сунуштарын карап чыгып, экс-мэрлердин абактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан чечимин чыгарды.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген. «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда.

Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG