Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:20

Нарын облусунун бийлиги контейнерде окуган балдар боюнча түшүндүрмө берди


Контейнердин ичинде окуп жаткан балдар.
Контейнердин ичинде окуп жаткан балдар.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлагандай, 2-сентябрь күнү Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кеңеш айылындагы авариялык абалдагы Казаалы Абиров атындагы орто мектепке, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында барышкан.

Маалыматка ылайык, 1973-жылдары салынган мектепке 2015-жылы 17-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «авариялык абалда» деген корутунду чыгарган. Бирок айылда башка мектеп жок болгондуктан балдар 2019-жылдын май айына чейин ал жерде окуп келишкен.

2019-2020-жылдардагы жаңы окуу жылында ӨКМ тарабынан алты мобилдик мектеп пайдаланууга берилген. Бул айылдагы мектеп көйгөйү менен билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана парламент депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Жанарбек Акаев дагы таанышып кетишкен. Учурда аталган мектепте 172 окуучу эки нөөмөт менен окуп жатат.

Учурда социалдык тармактарда контейнерде окуп жаткан балдар боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG