Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Казакстанда жаңы-өзөндүктөрдүн талабын колдогон митингдер өттү


Актөбө шаарында жаңы-өзөндүктөрдүн талабын колдогон митинг болду.
Актөбө шаарында жаңы-өзөндүктөрдүн талабын колдогон митинг болду.

Казакстандын Нур-Султан, Актөбө жана Чымкент шаарларында Жаңы-Өзөн шаарынын тургундарынан талабына тилектештик билдирген митингдер өттү.

Жаңы-өзөндүктөр эки күндөн бери казак-кытай өкмөттөрүнүн айыл чарба жана өнөр жай багытындагы 55 биргелешкен ишкана ачуу боюнча макулдашуусуна каршылык билдирип жатышат. Алар президент Касым-Жомарт Токаевди эмдиги аптадагы Кытайдагы иш сапарынан баш тартууга чакырышууда.

Нааразылыкка чыккандар ишканаларды кытай тарап эмес, жергиликтүү компаниялар курушу керек. Келишимдин шарттары ачык айтылышы зарыл деп эсептешет.

Казак бийлиги нааразылыкка чыккандардын талабы тууралуу үн ката элек.

Соңку күндөрү Казакстанда Кытайга каршы маанай күчөдү. Буга Шиңжаңдагы казактардын абалы тууралуу маалыматтар кошул-ташыл болду.

XS
SM
MD
LG