Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Трамп Польшага сапарын токтотту


Анжей Дуда менен Дональд Трамп, Вашингтон. 12-июнь, 2019-жыл.
Анжей Дуда менен Дональд Трамп, Вашингтон. 12-июнь, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Флорида штатына жакындап калган «Дориан» шамалына байланыштуу ушул дем алыш күндөрү камынып жаткандай Польшага барчу сапарын токтотту.

Трамп бул тууралуу Польшанын президенти Анжей Дудага кабар берип, Варшавага кийинчерээк бара турганын билдирди. Бейшемби күнү ал америкалык делегацияны вице-президент Майк Пенс жетектеп барарын жарыялады.

Маалыматтарга караганда, Дональд Трамп Польшада Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышмак.

«Дориан» шамалы АКШнын жээктерине ишемби күнү жетет деп күтүлүүдө. Синоптиктердин божомолуна ылайык, ал акыркы 27 жылдан берки Флорида аймагындагы эң катуу шамал болуп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG