Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:59

Манасбек Арабаевдин үй камагынын мөөнөтү узартылды


Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин үй камагындагы мөөнөтү 2-ноябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-августта чыгарганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2-июнда кармалып, бөгөт чарасы эки айлык үй камагына өзгөртүлгөн болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны «сот системасынын куратору» деп атап келишкен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арабаевди коррупцияга айыптаган. Мекеме тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.

Арабаев тергөөгө кытай инвесторлору Бишкекте курган «Даймонд сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен тартып алууга байланыштуу иш боюнча мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген. (SE)

XS
SM
MD
LG