Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Кой-Таш окуясын иликтеш үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү


Кой-Таш 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш 8-август, 2019-жыл.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов анын орун басары болду.

Андан тышкары комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров кирди.

Комиссияга өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы Рысбек Абдысатаров, юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Марс Саккараев жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы Бекболсун Асанкулов да кирди.

Мамлекеттик комиссияда «Антитеррор-Альфа» коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев, эксперт Алишер Мамасалиев да бар.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда УКМКнын "Альфа" атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Окуяларда оор жаракат алган Чүй ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов эмгиче эсине келе элек.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев камакка алынган. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG