Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Министрлик: Самат Курманкуловдун саламаттыгында жылыш бар


Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда жаракат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы дагы эле оор. Бирок дарыгерлер анын саламаттыгында жакшы жылыш бар экенин белгилешти. Бул тууралуу 28-августта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Анын маалыматына караганда, бейтаптын өз алдынча дем алышы, неврологиялык белгилер (сырткы таасирге реакция берүү) калыбына келүүдө. Ал учурда дарылануусун улантууда.

11-августта Бишкекте Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда орусиялык дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин Самат Курманкулов Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалып, жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөргөн.

Милициянын башчысын дарылоого кеткен каражатты мамлекет төлөп берет. Курманкуловдун абалы министрликтин көзөмөлүндө турат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG