Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Жапаровдун баласы каза болгон жол кырсыгы иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматына караганда, жол кырсыгы 22-август күнү кечки саат 22:45 чамаларында, Көк-Жар конушунда болгон. Дастан Садыр уулу айдап баратып кырсыктаган мотоциклде 20 жаштагы кыз да учкашып бараткан. Ал кыз азыр ооруканада жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Баштапкы маалымат боюнча С.Э. аттуу жаран айдап бараткан автоунаа мотоциклди сүзгөн.

26-августта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей жатып каза болду. Ага чейин ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө оор абалда комада жаткан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG